7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчөдө жашаган жарандарга түнөк үй, ысык тамак уюштурулду

989

Жалал-Абад шаарында барар жери жок жарандар үчүн ачылган түнөк үйү 1-ноябрдан баштап иштей баштады.  Мында 2 бөлмөдө 15 орун даярдалып, аялдар менен эркектер өз-өзүнчө жаткырылат. Аталган түнөк үйгө кайрылган жарандарга түнөгөнгө орундуктан сырткары 1 маал ысык тамак берилет.

Түнөк үй бир топ жылдан бери Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борбору тарабынан уюштурулуп келет. Аталган имарат Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин карамагындагы стадиондо орун алып, анын 3 бөлмөсүн “Кайрымдуулук борбор” түнөгөнгө жайы жок адамдар үчүн жатакана катары пайдаланып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

990