7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөр мыйзамсыз курулган

600

Жалал-Абад шаарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын, ошондой эле Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү, турак жайларды куруу процессинде аткарылган иштердин техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык келүүсү боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды.

“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, “шаар куруу жана архитектура объекттери бекемдиктин, сейсмикалык туруктуулуктун, туруктуулуктун, коопсуздуктун, өндүрүштүктүн белгиленген талаптарына, ошондой эле инженердик-техникалык, инженердик-транспорттук инфраструктура жана инженердик жабдуулар менен камсыз болуунун деңгээлине жооп берүүгө тийиш”.

Бирок, жогоруда аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын долбоордук-сметалык документтерге берилүүчү экспертизанын оң корутундусу жок объекттерди көзөмөлсүз жана уруксатсыз курууга жол беришкен.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

601