Жалал-Абадда сарайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичирайонунда тунуке менен жабылган эки кабаттуу сарайдын 2320 чарчы метр чатыры, 2000 түк чөп жана 6000 түк саман күйгөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 5 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 12:19да өрт чектөөгө алынып, саат 00:08де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен жабыркагандар болгон жок.
Учурда материалдык чыгым жана өрттүн себеби такталууда.