12-августка карата коронавирустан алты бейтап каза болуп, 743 адам илдеттен сакайып чыккан. Акыркы бир сутка ичинде жаңы катталган учур 417 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
- Бишкек шаарында – 201,
- Ош шаарында – 8,
- Чүй облусунда – 83,
- Ош облусунда –13,
- Талас облусунда – 17,
- Нарын облусунда – 16,
- Ысык-Көл облусунда – 38,
- Жалал-Абад облусунда – 14,
- Баткен облусунда – 27.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 382 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 771 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 170 миң 770 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 160 миң 749 киши айыгып чыкса, 2 миң 426 адам каза болду.