7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абаддагы селден жабыркаган жарандар

558

Бүгүн облустун Аксы, Кара-Көл, Жалал-Абад шаарларында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен бир топ турак жайлардын жана көп кабаттуу үйлөрдүн социалдык обьектилердин жертөлө жана короолорун сел суулары каптаган.

Кырдаалга байланыштуу жеринде жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары жана ӨКМнин облустук башкармалыгынан түзүлгөн ыкчам топ тартылды. Мындан сырткары, район-шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары даярдыкка келтирилип, өз аймактарында тиешелүү жумуштарды алып барууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 10го жакын жеке турак үй, 3 социалдык объект жана 1 жеке менчик соода түйүндүн жертөлө, короолорун сел суулары каптаган. Учурда жерине шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынан жалпысынан 123 кызматкер, 8 техника тартылып, мотопомпанын жардамында сел суулары тартылууда.

Мындан сырткары Кара-Көл шаарынын аймагындагы Бишкек-Ош авто унаа жолунун 420-426-чакырымдарында жолго таш кулап, жүргүнчүлөргө кыйынчылыктар жаралгандыктан, жеринде 2 оор техника жана тиешелүү кызматкерлер тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

559