7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалгыз басып, тепкилебеңиз! ӨКМ муз үстүндө жүрүүнүн кооптуулугун эскертти

472

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көлмөдөгү тоңгон муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет!

Көлмөнүн жана тоңгон муздун үстүнө эч качан жалгыз барбаңыз, муздун калыңдыгын текшерүү үчүн бутуңуз менен тепкилебеңиз! Кар астындагы музда сизге көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот. Атүгүл эшиктеги сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, ал жарылып кетиши толук мүмкүн.

Калыңдыгы 5 см муз чоң кишини көтөрө албайт. Ал эми 10 см болгон муздун үстүндө балык уулоого болот. Бирок муз үстүндө басууга болбойт. 12 см калыңдыктагы музда кар унаасы (снегаход) 20-30 см музда жеңил унаа, калыңдыгы 30-38 см болгон музда жүк ташуучу унаа жүрө алат.

Эске алыңыз! Муздун үстүнө кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда чыкпоо зарыл.

473