7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурас-Ордо конушундагы көлмөдө 2 бала чөгүп каза болду

278

Мурас-ордо конушунда эки бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөгө 5 жаш бала (аты-жөндөрү такталууда) музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткен. Үчөө жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Калган 2 жаш баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Алдын ала маалымат боюнча болжол менен 11 жаштагы О.У. аттуу кыз жана 9 жаштагы О.Н аттуу бала каза болгон. Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

279