Саат 12:00гө карата жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, жалпы Баткен облусу боюнча убактылуу кабыл алуу жайлары ачылып, 4458 жаран жайгаштырылган. Баткен облусу боюнча абалды жөнгө салуу үчүн Жарандык коргонуу кызматтарынан 7498 кызматкер, 335 техника тартылган (анын ичинен ӨКМден 406 кызматкер, 25 техника).
Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан, Ош облусунан жана БУУдан товардык материалдык баалуулуктар жөнөтүлдү. Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 106,6 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 33,5 тонна гумжардам Маргун айыл аймагына таратуу үчүн жөнөтүлгөн.