7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалпы баасы 88 млн АКШ доллар. Матраимовдун 34,8 млн долларлык мүлкү мамлекетке өттү

636

Райым Матраимовдун жалпы баасы 88 млн АКШ долларын түзгөн мүлкүнүн, 34 млн 810 миң 500 АКШ доллары мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 7-каналга УКМКдан билдиришти.

«Р.Матраимов жана анын жакын санаалаштары тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жалпы баасы 88 млн АКШ долларын түзгөн мүлкүнүн, 34 млн 810 миң 500 АКШ доллары (3 млрд 98 млн 134 миң сом) мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилди»,- деп билдиришти УКМКдан.

Учурда Матраимовдун калган мүлктөрүн кайтаруу процесси жүрүп жатат, аны менен катар дагы башка мүлктөрүн аныктоо иштери улантылууда.

637