7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаныбек Абиров: «Эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу»

528

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров өзү катышкан мушташ боюнча үн катты.

“Урматтуу кыргызстандыктар! Мага байланыштуу окуяга баарыңыздар күбө болдуңуздар. Учурда укук коргоо органдары иликтеп жатат, мен алар менен кызматташып, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даярмын. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жаткандыгымды баса белгилегим келет.
Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сураймын жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле окуяга байланыштуу кыргызстандыктарды жана жалпы шайлоочуларымды кабатырланткандыгым үчүн кечирим сурайм.
Апаларыбыздын жүрөгү эч качан оорубасын. Кечээги окуя болуп өткөн үчүн терең өкүнөмүн. Мени кечирип коюуңуздарды суранамын.”-деп билдирүү калтырган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

529