7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаныш Бакиевдин жубайы Кыргызстанга кайтып келди (ФОТО)

371

Экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууган агасы Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу ырчы айым Айчүрөк Султанова социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады.


Ал Орозгүл Токторбаева менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, Кыргызстанга долбоору менен учуп келгенин жазган.


«Биздин» Достор «тобубуздун мүчөсү Орозгүл Токторбаева жакшы долбоор менен келди. Ийгилик каалайм!» — деп белгилеген. Бирок, көп өтпөй ырчы бул билдирүүсүн өчүрүп салган.


Эске салсак, Орозгүл Токторбаева ырчы. Ал Жаныш Бакиев менен Минскиге кеткен. Алардын ортосунда балдары бар. Жаныш (Жаныбек) Бакиев өзү Кылмыш кодексинин бир катар оор жана өзгөчө оор беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Башкы прокуратура Бакиевдерди күч менен Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын бир нече жолу билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

372