7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Албетте, бул кайым айтышуулар Текебаев экөөбүздүн деңгээлибиздеги маселе эмес эле

176


Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Өмүрбек Текебаевге жооп берди. Ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу жазган.


«Текебаевге дагы эмне керек – эч түшүнбөйм?


“Садыр Жапаров Президенттин милдеттин аткаруучу болуп туруп, мени “Маевскийден 1 млн доллар алган” деп калп айтты. Бул сөзү менен сотторго түздөн-түз көргөзмө берди”, — дейт. Баарына белгилүү болгондой, учурда мен Президенттин милдетин аткаруучу эмесмин. Жөн гана катардагы жаранмын.


Макул, мени “калп айтты” десин.


2011-жылы эле Маевскийдин кишиси Модин досу экөө депутат Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевке келип: “Текебаевден 1 млн долларыбызды алып бергилечи”,- деп жардам сурап жүргөнүн кайда катабыз?
Же Дүйшөн Чотонов 2010-жылы эле Өмүрбек Абдрахмановго: «Маевскийден бир миллион доллар алдык, ошону шайлоого колдонуп жатабыз»,- деп ачыгын айтып алганын кайда катабыз?


Ал убакта ачыкка чыкпаган себеби – Текебаев менен Атамбаев жакшы мамиледе болушкан. Бирок көп өтпөй эле Кудай элдин ырыскысына кол салгандардын бетин ачып койду го. Кыргызстан – кичинекей өлкө. Ким кантип, кайдан уурулук кылып жатканын, саясатчылар бири-бирибизди жакшы билебиз. Мегакомду ошол кезде саттырбай мен сактап калгам.


Албетте, бул кайым айтышуулар Текебаев экөөбүздүн деңгээлибиздеги маселе эмес эле. Бирок азыр жооп берүүгө туура келип жатат. Анткени буга чейин эки, уч жолу элдин башын айлантып, Баш мыйзам, сот реформасы, Кумтөр жана башка маселелер катуу талкууланып жатканда, элдин оюн тескери жолго буруп кеткен учурлары болгон. Жыйынтыгында элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы тебеленип калган. Эми да ушул тарыхый бурулушта элди тескери жолго буруп жиберсе, накта ошондо 30 жыл дагы артка кетебиз», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

177