7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасына барды

513

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүктүрүү максаттары (ТӨМ) боюнча Саммитинин ачылыш аземине катышуу үчүн Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) БУУнун штаб-квартирасына келди.

Бул форумдун негизги максаты – дүйнөнү бардыгы үчүн мындан да экологиялык, таза, коопсуз жана адилеттүү келечекке кайтаруу.

ТӨМ Саммитинин ачылышында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Башкы Ассамблеясынын Төрагасы Деннис Фрэнсис жана Экономикалык жана Социалдык Кеңештин Төрайымы Паула Нарваестер сөз сүйлөйт.

ТӨМ Саммитинде эч кимди артта калтырбоо деген – 2030-жылга чейинки Күн тартибинин негизги, кайра куруучу убадасын ырастаган саясий декларациянын кабыл алынышы күтүлүүдө.

Бүгүн Мамлекет башчысы ТӨМ Саммитинин Лидерлеринин диалогунун алкагында сөз сүйлөйт.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына эртең, 19-сентябрда, катышып, сөз сүйлөйт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

514