7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Быйыл 5 айда Бишкекте 15 мектеп курулду. Бир дагы мектеп курулбай калган учурлар болгон

602

Ушул жылы 5 айдын ичинде Бишкекке 15 мектеп, 1 бала бакча курдук. Менин оюмча, качандыр бир кезде биздин балдар бул учурду Садыр Жапаров менен байланыштырышат. Бул тууралуу бүгүн, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кошумча имаратынын ачылышында билдирди.

«Жаңы конуштарга 5 жаңы мектеп салынды, калган мектептерде жаңы мектептерден кем калышпаган кошумча имараттар курулду. Бизде №75 жана №76 – эки авариялык мектеп болгон, учурда мында жаңы мектептер иштеп жатат. 1950-1959-жылдары Фрунзе шаарында 11 мектеп курулган, ал индустриялаштыруу мезгили болчу, бул мезгилдерди Исхак Раззаков менен байланыштырганбыз. Ал эми 1960-1969-жылдары 31 мектеп курулган, бул Турдакун Усубалиевдин учуру. Ушул жылы 5 айдын ичинде Бишкекке 15 мектеп, 1 бала бакча курдук. Менин оюмча, качандыр бир кезде биздин балдар бул учурду Садыр Жапаров менен байланыштырышат.

Бишкекке бир дагы мектеп курулбай калган учурлар болгону эсибизде, мисалы 2011, 2013, 2014, 2016, 2019 жана 2020-жылдар. Демократиялык жарылуунун туу чокусу, эң чоң ички миграция жүрүп, бир дагы мектеп курулган эмес. Жаңы конуштарга дагы 7 мектепти куруубуз керек, алар жакынкы жылдары курулат. 5 айдын ичинде бизге жаңы мектептерди куруп берген куруучуларга ыраазычылык билдирем», — деди ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

603