7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров ЕАЭБдин онлайн жыйынына катышып, рыноктук тоскоолдуктар боюнча сүйлөшөт

570

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматында өтчү кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казаксттандын башчысы Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары аткарылган иштердин жыйынтыгы, анын ичинде биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, 2020-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын ишке ашыруу тууралуу жана башка бир катар баяндамаларды угушат.

Эскерте кетсек,  мүчө-мамлекеттеринин 2021-2022-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын, дары-дармектерди жана фармацевтикалык субстанцияларды чыгаруу жаатында кызматташуу жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү чөйрөсүндөгү башка маселелерди кароосу күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571