7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Кара-Балта тоо-кен комбинатынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты (ФОТО)

434

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, металлургия тармагынын флагманы – Кара-Балта тоо-кен комбинатынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысына заводдун негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, аткарылган иштердин көлөмү, бюджетке төлөмдөр жана социалдык программалар тууралуу маалымат берилди.

Негизинен, заводдун жетекчилиги 2019-жылдын декабрында Кыргыз Республикасында уран жана торий кендерин казууга жана иштетүүгө тыюу салууну киргизүү менен комбинат уран концентраттарын кайра иштетүүнү токтоткондугун билдирди. Негизги цех консервацияланып, бирок бардык жабдуулар сакталып калган.

Комбинаттын кадрдык потенциалын сактап калуу үчүн 2022-жылдын сентябрынан тартып жаңы өндүрүш – курамында алтын бар рудаларды кайра иштетүү ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө орточо суткалык кайра иштетүүсү 100 тонна руданы эритүү, 500 тоннаны байытуу жана 20 тонна концентратты түзөт. Фабриканы толук өндүрүштүк кубаттуулукта ишке киргизүү 2023-жылдын мартында күтүлүүдө. Шаар түзүүчү комбинат Чүй облусунда 220 адамды жумуш менен камсыз кылат. Иш

Президент Садыр Жапаров концентраттардын бардык түрлөрүн кайра иштетүүчү чынжырчаны түзүүнүн келечеги жана Кара-Балта тоо-кен комбинатынын потенциалын жогорулатуу тууралуу маалыматты угуп, комбинаттын жетекчилигине продукциянын эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келишине өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

435