7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Коррупционерлерди камап койгондон пайда жок, чыгымдын ордун толтурушсун!

827

«Коррупцияга шектелгендердин баары мыйзам чегинде жазасын алышы керек», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Анын айтымында, ошол эле учурда алар келтирген зыянды мамлекетке кайтаруу боюнча бардык чараларды көрүү керек.

«Аларды жөн эле камап койсок, мамлекетке эч кандай пайда жок. Бул бюджетти толтура албайт, мамлекеттен уурдалган акчаны толуктай албайбыз. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн мүлктү конфискациялоо талап кылынат. Хансарайларды, элиталык батирлерди сатып алган мамлекеттик чиновниктер уурдалган акчага кымбат баалуу унааларды сатып алышат – андай болбош үчүн алар бардыгын кайтарып берүүгө милдеттүү», – деди президент.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

828