7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Линь Уну кабыл алып, ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашты

486

Президент Садыр Жапаров Шаньдун провинциясынын (КЭР) Коммунисттик партиясынын Партиялык комитетинин Катчысы Линь Уну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маданий-гуманитардык, туристтик жана соода-экономикалык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы 2023-жылдын май айында Шаньдун провинциясына болгон жемиштүү сапарын жана Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Линь У менен жолугушуусун жылуу маанайда эстээрин, ошондой эле Кыргызстан менен провинциянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү пландарын белгиледи.

Жапаров Кытайга болгон сапарынын алкагында кыргыз делегациясынын облустун экономикалык, социалдык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктери менен таанышып, бир катар ишканаларды кыдырып, эки өлкөнүн бизнесмендеринин ортосунда ишкердик байланыш түзүүгө болгон жакшы мүмкүнчүлүгүн эске салды. Буга байланыштуу Президент Кыргызстан менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнү улантуу зарыл деп эсептейт.

Өз кезегинде Компартиянын Партиялык комитетинин катчысы Линь У Садыр Жапаровго кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, акыркы жылдары эки тараптуу мамилелер тынымсыз тереңдеп, эки өлкө лидерлеринин жетекчилиги астында жаңы деңгээлге чыкты.

Мындан тышкары, Линь У алар кыргыз тарап менен биргеликте практикалык кызматташтыкты активдештирүүгө, соода-экономикалык долбоорлорду илгерилетүүгө жана Кыргызстан тарабынан автобустарды сатып алуу долбоорунун ийгиликтүү мисалында ар түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты ишке ашырууга даяр экендигин ишендирип өттү.

Жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана Шаньдун провинциясы менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

487