7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Си Цзиньпинди ККП БК башкы катчысы кызматына кайра шайланышы менен куттуктады

330

Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады.

“Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысы болуп кайрадан шайлангандыгыңыз менен, ошондой эле Кытай Коммунисттик партиясынын ХХ Бүткүл съездинин ийгиликтүү өткөрүлүшү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы Коммунисттик партия жана Кытай Эл Республикасынын эли Сиз жүргүзүп жаткан ички жана тышкы саясатка, ошондой эле Кытайдын туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө багытталган курсуңузга жогорку ишенимди көрсөттү.

Соңку жылдары кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу түрдө өнүгүп жатат. Биздин мамлекеттердин ортосунда саясий өз ара ишеним бекемделип, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейип, ынак коңшулук жана достук тереңдеп жатат. Эки өлкө “Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагында саясий ишенимдин негизинде тыгыз кызматташууда бир катар ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашырды, бул биздин элдерге реалдуу пайда алып келүүдө.

Ушул жылдын февраль жана сентябрь айларында Сиз менен Пекинде жана Самаркандда эки жолу жолугушуу өткөрдүк, анын натыйжасында эки тараптуу мамилелердин кеңири тармактарында көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча макулдашууларга жетиштик. Кыргыз-кытай мамилелеринин бүткүл комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен конструктивдүү ишти улантууга даяр экенимди билдирем.
Сизге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишиңизге мындан аркы албан-албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кытай Эл Республикасынын элине бакубатчылык, тынчтык жана өнүгүү каалайм”, — деп айтылат куттуктоо катында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

331