7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарандан жарым млн сом талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

432

500 миң сом акча каражатын опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кармалган жаран физикалык күч колдоном деп коркутуу жолу менен Ноокат районунун жашоочусуна 500 миң сом акча каражатын берүүнү милдеттендирип койгон. Аталган жаран 166 миң сомду алган жеринен кармалган. Ал ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат жана 2018-жылы каракчылык фактысы боюнча соттолгон.

Учурда убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

433