Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өлкөбүздөгү белгилүү спорт чебери Келдибек Атайбек уулу жана анын өспүрүмдөр командасы менен жол кыймылынын жалпы катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого чакырды.
Анда айдоочуларды унаа башкаруу учурунда жол жээгиндеги ылдамдык, жөө жүргүнчү, жол чырак өңдүү жол эрежелеринде көрсөтүлгөн жол белгилерине баш ийүүгө, унаада музыка, уюлдук телефон өңдүү нерселерге алагды болбоого чакырышты.
Ошондой эле жөө жүргүнчүлөргө да чоң жолдорго чуркап чыкпоого, көрсөтүлгөн жол чырактардан, жөө өткөөлдөрдөн гана өтүү керек экендиги эскертилди.