7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаштар: «Эрте никеге турууга каршыбыз! Билим алууну каалайбыз!»

997

Жалал-Абад ШИИБдин жетекчилигин демилгеси менен, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан шаардын №8-мектебинде – «Эрте никеге турууга каршыбыз! Билим алууну каалайбыз!» аталышындагы маданий-тарбиялык иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарада өспүрүмдөрдү эрте турмуш куруу, үй-бүлөлүк зордук зомбулукка кабылуунун алдын алуу үчүн сахналаштырылган сценарийлер көрсөтүлүп, бул багытта атайын сүрөт көргөзмөлөр (стендгазета) уюштурулду. Бул иш-чаранын негизги максаты: — эрте никеге турган жаш өспүрүмдөрдүн психологиялык, физиологиялык, моралдык жактан даяр эмес экендиги, кыздарын мажбурлап эрте никеге берген ата-энелерден тартып ошол жаштарга нике кыйган молдого чейин мыйзам чегинде кандай чаралар колдоноору тууралуу маалымат берүү, окуучулардын турмуш куруудагы ой-жүгүртүүсүн өстүрүү болуп саналат.

Иш-чарада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ата-энелер, окуучулар жана ЖЖӨИнин инспекторлору катышып, алар жаштарга өздөрүнүн акыл насаат жана кеңештерин айтып өтүштү.

998