7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жашы жете элек кызга бычак такап коркутуп, күч колдонуп зордуктаган шектүү кармалды

5622

Ошто жашы жете элек кызды зордуктаган 25 жаштагы О.Э атту жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  ал 2021-жылдын 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү, Ош шаарындагы түнкү эс алуу жайларынын биринде 2006-жылы туулган кыз менен таанышат. Аны Ош шаарынын Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине түнкү саат 03.00 чамасында өз   машинасына салып барып, кыздын эркине каршы, күч колдонуп зордуктап койгон.

Жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөндөй, шектүү жаш кызды бычак такап коркутуп, зордуктаган. Жабырлануучу кыз- мектеп окуучусу.

Атайын экспертиза жүргүзгөндө жабырлануучунун зордукталгандыгын, кыз белгиси жаӊыдан бузулгандыгын тастыктаган.

Учурда жаш кызды зордуктоого шектүү катары кармалган 1996-жылы туулган О.Э. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ош шаардык соту тарабынан 14-октябрь күнү бир айга абакта кармоо боюнча санкция берилди.

Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-пунктунун белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, шектүү мурда ички иштер органдарында, Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5623