7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

339

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам сот-укуктук реформанын алкагында жаза аткаруу тармагы боюнча кабыл алынган мыйзам актыларын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кодексинде (ЖАК) белгиленген соттолгондордун укуктарын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан.

Кабыл алынган Мыйзамдын негизги ченемдери төмөнкүлөрдү камтыйт:

— жалпы режимдеги түзөтүү жана тарбиялоо абактарында жаза өтөөнүн эксперименттик режими бар обочолонгон участокту түзүү мүмкүнчүлүгү каралган, бул ведомстволук актылар менен аныкталат.

— бойго жете элек балдары бар соттолгондор үчүн, эгер ал баланын жалгыз гана ата-энеси болуп эсептелсе баласы (балдары) менен жолугуу үчүн белгилүү мөөнөткө жаза өтүп жаткан мекемеден тышка чыгуу укугу бекитилет.

— соттолгонду жалпы билим алуу укугун ишке ашыруу максатында бир мекемеден экинчи мекемеге которуу мүмкүнчүлүгү каралат.

— өзгөчө режимдеги мекемелерде жазасын өтөп жаткан соттолгондор үчүн акы төлөнүүчү жумушчу орундарды жана эмгек шарттарын түзүү каралат.

— соттун чечими менен түрмөгө которулганда жазанын мөөнөтүн жана шарттуу эрте бошотуу үчүн мөөнөттөрдү эсептөө үчүн эрежелер белгиленет.

340