Жеңил атлетика боюнча курама команда эки эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, спорчулар 24-26-июнь күндөрү Беларустун Минск шаарында жана 27-30-июнь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында боло турчу турнирлерде күч сынашат.
Мелдештерге жөө күлүктөр Мусулман Жоломанов менен Нурсултан Кеңешбеков жөнөтүлүп, алар менен кошо укалоочу Александр Исалаев жана улук машыктыруучу Сатыбек Чокаев жөнөтүлөт.
Белгилей кетсек, курама команда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланууда.