7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеңил жүк ташуучу унааларды чыгаруучу завод куруу пландалууда

672

Жалал-Абад облусунда жеңил жүк ташуучу унааларды, жүк ташуучу электр мотоциклдерин, насосторду жана клапандарды чогултуучу завод куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаевдин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында бул багыттагы инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында Кытайдын “Shaanxi Qing Ju New Energy Tech Co, Ltd.” жана “Shaanxi Zhichao Industrial Development Investment Management Co., Ltd” компаниялары менен меморандум түзүлдү.

Долбоордун алдын ала болжолдуу наркы 4 млн АКШ долларын түзөт. Сыргабаев мындай иш-аракеттер Жалал-Абад облусунун экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү менен инвесторлорду колдоо багытында ишке ашырылып жатканын белгиледи.

673