7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнчороев: Сиз өзүңүздөн башыңыздагы төөнү башканын көзүнө түртүп жатасыз…

2492
Саясий партиялар өздөрү партиялык институтту дискредитация кылып жатат. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Жогорку Кеңеште депутаттарды шайлоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатып билдирди.
«Партиянын ичиндеги коррупцияны көрүп жатабыз, партияларга жакшы шарттар түзүлгөн. 10 жыл бою өнүгүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышкан. Азыркы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда да партиялар маанилүү институт. Ошондуктан 55 орун берилген«, — деди Шайлдабекова.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев БШК төрайымына кайрылып, элдин депутаттарга көңүлү тойбогону таза шайлоо өтпөгөнүнө байланыштуу экенин айтты.
«Сиз өзүңүздөгү төөнү башканын көзүнө түртүп жатасыз. Саясий чөйрөдө хамелеондор чоң көйгөй жаратат. 2017-жылы эбегейсиз административдик ресурс колдонгондо, атаандашына кылмыш ишин козгогондо сиз башыңызды катып отуруп алгансыз. Ал эми 2020-жылы эки партия акча таратып, админресурс колдонгону боюнча сизге толтура арыз жазганда чечим кабыл албай койгонсуз. Саясий, карьералык кызыкчылыгыңардын негизинде унчукпай отуруп алдыңар.
Партияларда, албетте, күнөө бар, бирок эң чоң күнөө үч-төрт шайлоону өткөргөндөрдө«, — деди Жеенчороев.
 ЖК депутаттарын бир мандаттуу округдан 35, партиялык система менен 55 мандат берүү нормасы сунушталган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2493