7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Желектин эмнеси жакпай калды?» Жумабеков Примовду жарга такады

531

Бүгүн, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Анда Депутат Дастан Жумабеков демилгечи депутат Улан Примовду жарга такады.

“Сиз алмаштыруунун себебин айткан жоксуз да. Эмнеден келип чыкты? Сиз менен төрагага желектин эмнеси жакпай калды. Жакпай калган себеби?” — деп сурады депутат.

Ал ошондой эле күндүн нуру тик тиет дегенине физикалык далил сурады. “Силер маалыматты ошондой берип жатасыңар. Ошол үчүн суроо жаралды”, — деди Жумабеков.
“Силерге жакпай калса деп айтып жатасыз. Бизге жакпай калды, анан өзгөртөбүз деп жаткан жокпуз. Ошону баса белгилейин”, — деди демилгечи депутат.

“Ар бир көрүнүштү өзүбүздүн көз карашыбыз менен кабылдайбыз. Физикалык көрсөтмөлөргө таянып жаткан жокпуз. Тууну өзгөртүү физикалык далил же кандайдыр бир интерпретацияда талкулоочу иш эмес го деп эсептейбиз”, — деп жооп берди Примов.

532