7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жер тилкесин ижарага берүү үчүн мыйзамсыз акча алган жаран кармалды

856

Жалал-Абадда кийим-кече базарынын ишин мыйзамсыз уюштуруп, контейнерлердин ээлеринен акча каражатын чогултуп жүргөн Ноокен районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокен районунун Масы айылында Эски-Масы-Сай каналынын жээгинен соода-базар комплекси үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сел суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн балансына киргизилген жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык көрүнүштөр аныкталды.

«Ноокен районунун тургуну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, Суу коргоо зонасында жер тилкесин ижарага берүү келишими тууралуу айтып, өзүм билемдик менен соода контейнерлерин орнотуп, ижарачылардан айына 3000 сомдон 7000 сомго чейин акча каражатын чогулткан. Мындан улам, 2010-жылдан баштап ал мамлекетке тиешелүү болгон жер тилкелерин ижарага берүү үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алган. Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы менен келтирилген зыяндын суммасы 7 миллион сомдон ашык экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

857