7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жер тилкесин пара катары алган мамлекеттик кызматкер кармалды

554

“Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн филиалынын директорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Көк-Жар айылынын 172, 544, 549-556, 552-контурларындагы жер тилкелеринин алынышынын мыйзамдуулугун текшерүүдө 2007-жылы №544 контурдан жарандарга 4,3 гектар айыл чарба жерлери бөлүнүп берилгени такталган.

Узак убакыт бою бул аймак өз максатына ылайык пайдаланылбай, менчик ээлери аны майда участокторго бөлүп, жеке турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн. Трансформацияга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, Э.А.А. жер тилкени трансформациялоого көмөк көрсөтүүнү сунуштап, пара катары ошол эле аймактан 15 сотых жер тилкесин ээлеп алган. Аталган жер тилкеси жээни болуп эсептелинген адамга катталган.

Кылмыш иши козголуп, аталган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

 

555