Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Акылбек уулу Талантбектин демилгеси менен муктаж 30 үй-бүлөгө 75 миң сомдук тамак-аш азыктары жардам катарында таратылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.
«Ар бир үй-бүлөгө 2500 сомдун тамак-аш азыктары берилди. Бул үй-бүлөлөр чындыгында жардамга муктаж. Демилгени колдогон Ас-Салам фондуна ыраазычылык билдирем”,-деди Акылбек уулу Талантбек.