21-март күнү саат 02:00 чамасында милицияга Жети-Өгүз районунун ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда, Кичи-Жаргылчак айылындагы аялдаманын жанынан “Гольф” жана “Ауди В4” үлгүсүндөгү авто унаалар сүзүшүп, аялдамада турган эки жаранды сүзүп алганы маалымдалган.
Ысык-Көл ОИИБ билдиргендей, бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, төмөнкүлөр аныкталды.
Кичи-Жаргылчак айылындагы аялдамадан 1991- жылы туулган З.А. жана келинчеги 1993-жылы туулган И.Э. болуп Каракол шаарына кетүүгө жол тосуп турган. Оргочор айылынын 22 жаштагы тургуну “Ауди-В4” үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып келе жатып, жол тозуп тургандарды алып кетүү үчүн токтоп, жүргүнчүлөрдү унаага салып жаткан. Ошол учурда Чоң-Жаргылчак айылынын 24 жаштагы тургуну “Гольф-4” үлгүсүндөгү унаасы менен аялдамада токтоп турган аталган унааны бет маӊдай сүзгөн.
Натыйжада “Ауди-В4” унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон жана унаага отуруп жаткан жүргүнчү да алган жаракатынан улам көз жумган. Ар кандай жаракат алган “Гольф-4” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жүргүнчү райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
Тергөө амалдары жүрүүдө.