7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Аликбек Жекшенкулов: Бийлик менен бизнес ортосунда ишеним орносо, бүткүл коом үчүн пайда

383

2024-жылдын 2-июнунан 8-июнга чейинки окуялар тууралуу саясий илимдеринин доктору, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен маек.

– Президент Садыр Жапаров жума ичинде ишкерлер же алардын компаниялары кайсы бир мыйзам же эрежени бузса, дароо эле алардын колуна кишен салып, камап салгандын ордуна, жумшагыраак чараларды көрүү тууралуу мыйзам жана жоболорго өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгеледи. Апта аягында болсо президент жана министрлер кабинетинин төрагасы ишкерлер менен атайын чоң жыйын өткөрүп, алардын пикирин укту. Мындай жолугушуулар жана бизнес айланасындагы эрежелерди жеңилдетүү эки тарап ортосундагы ишенимди арттырат жана бизнеске гана эмес, бүткүл коом менен мамлекетке пайда гана алып келет.

– Бээжин шаарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун илгерилетүү тууралуу келишимге кол коюлду – бул долбоор дагы Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу, анткени андай темир жол куурулса, биздин мамлекет туңгуюктагы эмес, транзиттик өлкөгө айланат. Жол курула баштаганда түзүлө турган жаңы келишимге министрлер эмес, премьерлер же президенттер жолугуп, кол коёт го, азыркы иш-чара боюнча болсо 3 өлкөнүн тең жетекчилери өз куттуктоолорун жиберди…

– Мурда Кыргызстан эмгек мигранттарын экспорттогон өлкө болуп келсе, акыркы мезгилде бизге дагы Азиялык мамлекеттерден эмгек мигранттары келе баштады, бул деген – Кыргызстандын жалпы дүйнөлүк экономикалык иштерге терең жана кененирээк аралашып жатканынын белгиси. Бир миллионго жакын биздин мигранттардын кайсы бир бөлүгү мекенине кайтып келип, мекенинде эмгектенсе, андан дагы мамлекетке дагы, элге да пайда гана болот. Демек, башка жактан акча тапкан мигранттар ошондой эле маянаны мекенинде деле таба алса, бул дагы Кыргызстандын экономикасы оңолуп баратканынын белгиси…

Жуманын негизги окуялары:

– Президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 6-июнда ишкерлер менен жолугуп, ККМ киргизүү, документтерди электрондук түрдө түзүү жана алмашуу маселелерин талкуулады.

– Президент Садыр Жапаров жаңы мыйзам долбоорун демилгеледи, ага ылайык, кайсы бир эрежелерди бузган ишкерлерди камап, же алардын бизнесин бөгөттөгөндүн ордуна үй камагы, күрөө же электрондук байкоо жүргүзүү ыкмалары сунушталат.

– Президент Жапаров кечээ күнү Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассерди кабыл алып, аны «Достук» ордени менен сыйлады. Банк – Камбарата-1 ГЭСин курууга катышышы мүмкун.

– Бишкекке Жапониянын мамлекеттик катчысы Кието Цудзи келип кетти, аны президент Садыр Жапаров кабыл алды.

– Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышып келди.

– Кыргызстанда иштелип чыккан «Смарт бажы» деген электрондук система апрелде Лондон шаарында өткөн дүйнөлүк конференцияда эң жакшы бажы программаларынын катарына кирди.

– Кыргызстандын 3 университети быйыл Эл аралык рейтингге кириптир. Дүйнөдөгү 1500 университеттин ичинен Славян университети 850-орунда, Манас университети 900чү жана Политех 1200-орунда экен.

 

– 6-июнь күнү Бээжинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын унаа министрлери Тилек Текебаев менен Илхом Махкамов жана Кытайдын Өнүгүү комитетинин төрагасы Чжен Шаньцзе Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы үч-тараптуу келишимге кол койду.

– Акылбек Жапаров Минск шаарында 3-июнда Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынына катышты.

– Жогорку Кеңештин спикери Нурлан Шакиев Азербайжанга барып, Бакы шаарында президент Илхам Алиев менен жолукту.

– Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева менен Сингапурдун Marshall Cavendish басмаканасынын жетекчиси Сью Пэн Йим Бишкекте атайын келишимге кол койду – эми бул басманын математика жана англис тили боюнча китептери кыргызчага которулат.

– Бишкекте «Түрк дүйнөсүнүн аялдар ааламы» деген көргөзмө ачылды, ага ар башка өлкөлөрдүн 14 айым-сүрөтчүсүнүн эмгектери коюлган.

– 30-майга караган түнү Сузактагы Бек-Абад айылында Кыргыз туусун өрттөп, анын ордуна арабча жазмасы бар желекти илип койгон деп эртеси 19 жана 16 жаштагы эки айым кармалды.

– Жыргалаң дарыясынын нугунда 5 метр тереңдикте мамонттун сөөк калдыктары табылды. Алар 2 жарым миллион жыл мурдагы мезгилге таандык.

 

– 3-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарында Эл аралык эмгек федерациясынын баш директору Жильбер Унгбо менен жолугуп, Кыргызстандан кеткен чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын саны 300 миңге азайды деп билдирди.

– Ошол эле Женева шаарында өткөн Эл аралык эмгек конференциясынын 112-сессиясында Кыргызстан – эмгек тармагындагы зордук-зомбулукту жоюу боюнча Бириккен улуттардын номер 190-конвенциясына кошулду.

– Жапониянын Nikken Sekkei деген белгилүү компаниясынын адистери Бишкекке келип, мэр Айбек Жунушалиевге кошулуп, тик учма менен Бишкекти айланып көрүп, шаарды кантип өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

– 3-июнда баш прокурор Курманкул Зулушев кызматынан чегингени тууралуу жарыялады, эки күндөн кийин баш прокурор болуп Максат Асаналиев дайындалды, андан соң анын орун басарлары алмашылды.

– Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев – Кыргызстанга алып келинип жаткан дарыларга кошумча нарк салыгын киргизүүнү колдоду.

– Кумтөр ишканасынын айтымында, кендин жанындагы Сарычат-Эрташ коругундагы аркарлардын саны акыркы жылдары 750дөн 2 миң 500гө чейин көбөйдү.

– Бишкекте театр менеджерлеринин Вахтангов фестивалы болуп өттү.

 

– Шайлообек Атазов депутаттык мандаттан айрылды, бирок анын атаандашы Абдурахман Муртазалиев дагы мандат алган жок жана Бишкектин Свердлов шайлоо чөлкөмүндө 30-июнда жаңы шайлоо өткөрүлмөй болду.

– Бишкек шаардык соту 3-июнда Клооп басылмасынын интернет-сайтын бөгөттөө тууралуу чечимди жактырып, аны туура эмес деген административдик соттун чечимин жокко чыгарды.

– Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Кыргызстандын жогорку окуу жайлары үчүн 50 жылга сүтү жок 25 млн доллар насыя берүүдө.

– Гималай тоо кыркасындагы 8000 метрден бийик бир нече чокуга чыккан Эдуард Кубатов, Кадыр Сайдилканов жана Илим Карыпбеков Бишкекке кайтып келди.

– 11-июндан тартып Кыргызстандан Шенген визасын алуунун баасы 90 еврого чейин көтөрүлдү, 12 жашка чейинки бардар үчүн – 45 евро, мурда анын баасы 80 жана 40 евро болчу.

– Эртең Бишкекте жасалма интеллект боюнча түрк тилдүү мамлекеттердин биргелешкен конференциясы башталат.

384