2024-жылдын 17-мартынан 23-мартка чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу, мурдаы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен маек.
Негизги окуялар:
– Аксы окуясынын 22 жылдыгы белгиленди, Нооруз майрамы дагы өткөрүлдү.
– Аны менен кошо, Кыргыз тышкы иштер министрлигинин түзүлгөнүнө 80 жыл болду. Ал тууралуу 1944-жылдын 17-мартында Москвадан чечим чыккан.
– Статкомдун айтымында, орто айлык Кыргызстанда январда 13 пайызга көтөрүлүп, 33 миң 660 сом болуптур.
– Спикер Шакиев Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүүнү сунуштады. Бирок билим менен илим деген эки министрлик эмес – мектепке чейинки тарбия жана экинчиси – мектеп, ЖОЖдор менен илим боюнча.
– Кыргызстанга жасалма интеллект боюнча Open AI компаниясынын вице-президенти Арка Дхар келип кетти.
– Ошко Өзбекстандан 100 жаңы автобус келди, ар бирөөнө 50дөн ашык адам батат.
– Январда мигранттар Кыргызстанга $256 млн которуптур, ошондо бир жылда $3 млрд боло тургандай.
– Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулова 12 миң доллар пара менен кармалды. Ушул эле аптада Сокулукта 50 миң сом пара талап кылган сот аткаруучу дагы колго түштү.
– Сузактын Бекабад шаарынан Өзбекстанга чейин жер алды менен өткөн 130 жана 350 метрлик 2 туннель табылды.
– Президент Жапаров Кытайдын China State Railway Group деген компаниясынын баш директорунун орун басарын кабыл алып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселесин талкуулады.
– Биринчи майдан тартып, электр энергиясына болгон баалар орто эсеп менен 10 пайызга жогоруламай болду. Бир кВт-саат 1 сом 11 тыйын болот экен, айына 700 кВт-сааттан көп короткондор 2 сом 39 т төлөйт.
– 2019-жылдан бери токтоп турган Джунда заводун кайра иштетүү аракеттери көрүлө баштады.
– Чет элдик өкүлдөр деген мыйзамга каршы пикирлер келип түшүүдө, отузга жакын уюмдан президентке кайрылуу болду. Жогорку кеңеш аны 14-мартта 3-окууда кабыл алган.
– УКМКнын аракеттеринен улам, жеке менчик медицина мекемелеринде томография кызматы 20-30 пайызга арзандады.
– Автомашинелердин Кытайдан Кыргызстанга болгон экспорту быйыл январь-февралда 18 эсеге өсүптүр, алардын жалпы баасы 22 эсеге көтөрүлүптүр.
– Аккула ипподромунун мүлкү аукционго сатыкка коюлду, Бишкектин батышында жаңы ипподромдун ордуна капсула салынды.
– «Ордо-Сахна» ансамблинин мурдагы жетекчиси Аскат Жетиген 2 айга камакка алынды, ал бийликти сындап, жаман сөздөр менен сөккөн.
– Минюстта нотариустарды тестирлөө болуп, чакырылыган 130 адамдын 98и гана келип, алардын ичинен 17си гана тесттен өтүп, лицензия алыптыр.
– Президент Садыр Жапаровдун дааватчылар тууралуу интервьюсу чыкты 19-мартта.
– Казакстан Кыргызстанга – кызматташууну кеңейтүү сунушу менен чыкты, өзгөчө аскерий тармакта.
– Канттагы цемент заводу жаңы өндүрүш ачууга даярданууда, цемент менен кошо эми ал клинкер дагы чыгармай болду.
– Биринчи май соту Бектур Асановго – чет өлкөгө чыгып, дарыланып келүүгө уруксат берди.
– Кемпир-Абад боюнча башка соттолуп жаткандардын ичинен Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты.
– 15-январдан бери кеңсеси жыбылып келген «24.кейджи» агенттигине жаңы жетекчилер келди.
– 18-мартта Бишкектин административдик соту Клооп басылмасынын орусча сайтын бөгөттөө боюнча чечимди жокко чыгарды. Ал сайт 12-сентябрда блоктолгон.
– Бишкекке Дүйнөлүк футбол ассоцициясынын өкүлдөрү келип, Камчыбек Ташиев менен жолугуп кетти.
– 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына карата тандоо оюнунда Кыргызстан курамасы Тайванга барып, Тайвань командасын 2:0 эсебинде утту.