2024-жылдын 18-февралынан 24-февралга чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу Табылды Акеров менен маек.
Негизги окуялар:
– Президент Жапаров Казань шаарына барып, Орусия президенти жана башка жетекчилер менен жолукту.
– Казань шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды, жетекчиси Эрик Бейшембиев.
– Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев депутаттык мандатынан ажыратылды.
– Мурдагы депутат, «Беш сары» компаниясынын ээси Камчыбек Жолдошбаев камакка алынды.
– Эмгек жана социалдык камсыздоо министринин орун басары Улан Чаначев кармалды.
– Мурдагы министр Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбектин иши сотко өткөрүлдү.
– Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду – быйыл цемент жана кафель заводдору ишке кирет деп жарыялады.
– Жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында кыргыз спортчулары алтын, күмүш, коло медалдуу болду.
– АКШ өкмөтүнүн жардамы менен Сириядан 28 келин жана 71 бойго жете элек бала кайтарылды.
– Кызыл-Омпол кени боюнча президент Жапаров Тоң жана Кочкор райондорунун эли менен жолукту.
– Кызыл-Омпол мурда уран кени деп айтылчу эле, эми ал титаномагнетит кени деп аталууда.
– Президент Жапаров 23-февралда Кызыл-Омпол боюнча Кабар агенттигине өзүнчө интервью берди.
– 2019-жылы уран иштетүүгө каршы митингдер акчага уюштурулганы ачыкка чыгууда.
– Чет элдик өкүлдөр тууралуу мыйзамга толуктоо 22-февралда ЖК сессиясында экинчи окууда кабыл алынды.
– Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунан эркинен ажыратуу ченеми алып салынды.
– Адахан Мадумаровду шаардык сот 9-апрелге чейин камакта калтырды.
– Камчыбек Ташиев 19-февралда Кыргызстан футбол союзунун төрагасы болуп шайланды.
– Тамчы аэропортунун айланасындагы короо шамалдан дагы бир жолу кулап түштү. Биринчи жолу –2023-жылдын мартында.
– Сержант Жылдыз Асанакунованын арызы боюнча Караколдогу аскерий бөлүктүн жетекчилери кармалды.
– 21-февралда Эне тил боюнча эл аралык күн белгиленди.
– Спикер Шакиев – 4-класска чейин бардык балдарды кыргыз тилинде окутуш керек деп билдирди.
– Ооруканаларда медиктерге чабуулдар уланууда. Декабрда бир окуя, эми – кош бойлуу медайымга кол салуу.
– Ар башка региондон келген 56 мугалимдин ичинен аттестациялык тесттен бирөө гана өтө алган.
– Орус драмтеатрынын артисти Александра Марусич 72 жашында кайтыш болду.
– Лейлектеги Аксуу капчыгайында 16-февралда жоголгон орусиялык альпинист Евгений Глазуновдун денеси табылды.
– Жеке менчик ооруканалар менен бейтапканаларды мекеме аралык комиссия текшере баштады.
– Улуу Британияга жайында барып иштеп келүүгө кыргыз жарандары арасында каттоо башталды.
– Бильярддын «Пирамида» түрү боюнча Бишкекте жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты башталды, 3-мартка чейин уланат.