2024-жылдын 19-майынан жыйырма бешине чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу Орозбек Молдалиев менен маек.
– Орус-казак «блогершасы» Анастасия Ахметованын Кыргызстандагы уран кендерин иштетпеш керек дегени – атайын уюштурулган провокацияга окшош, ал эми кыргыз кен байлыктарына Ротшильд кланы көз артып жатат дегени – андан да ашкан провокация, аны менен бул кен байлыктарына башка, үчүнчү-төртүнчү күчтөргө жол бошотуп берүү аракети бар экени көрүнүп туруат. Ошол эле учурда Кызыл-Омпол кенинде, негизинен, титано-магнетит казылып чыгат, уран болсо аз гана өлчөмдө жана кошумча гана кен болушу мүмкүн.
– Таласта Бала-Саруу ГЭСинин иштей баштаганы жана жаңыланган аэропорттун ачылганы – кыргыз мамлекети бутуна туруп келатканын көрсөтөт, анткени ГЭС дагы, аэропорт дагы мамлекеттин акчасына мамлекеттин көзөмөлү алдында курулуп-оңдолду. Эгер аларды жеке ишканалар жасаган болсо, сөзсүз тариф маселеси чыкмак. Ошондуктан, мындай тажрыйбаны кеңири жайылтып, дагы жаңы ГЭСтерди, дагы жаңы аэропортторду куруп, ишке киргизип, өлкөнүн өнүгүүсүн алдыга жылдыруу керек.
– Чет өлкөлүк студенттер менен байланышкан окуяда тартип коргоо органдары дароо элге маалымат берип, маселе чечилди деп башында эле билдиргенде, балким, жаштардын кийинки ээн баштыгы чыкпайт эле. Ишти кайрадан эле чет өлкөлүк блогерлер козутуп жиберди, Канада мамлекетинде кайсы бир жигит – 13 студент каза болуптур деп жазып жиберген, бирок Пакистан жана башка мамлекеттердин министрлери жана башка өкүлдөрү кыргыз жетекчилери менен байланышып, ачык-айкын маалымат алгандан кийин маселе жөнгө салынды.
Негизги окуялар:
– 22-май күнү президент Садыр Жапаров – Кыргызстандын Ысык-Көлүн коргомуш болуп, өлкөнүн уран кендерине дүйнөгө белгилүү Ротшильд кланы көз артып жатат деген казакстандык Анастасия Ахметовага жооп берди.
– 24-май күн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматтарынын жетекчилеринин кезектеги жыйыны болуп өттү. Аларды президент Садыр Жапаров дагы кабыл алды.
– Жээнбек Кулубаев 21-май күнү Астанада Шанхай уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты.
– Moody’s деген эл аралык рейтинг агенттиги Кыргызстандын кредит рейтингин опурталдуу делген чектен чыгарып, стабилдүү деген даражага көтөрдү.
– Улуттук банктын айтымында, Кыргызстандын эл аралык валюта кору азыр 3 млрд 660 млн долларга жетти. Бул – рекорд.
– Дүйнөлүк почта бирикмесинде «Кыргыз почтасы» 172 мүчө-мамлекеттин ичинен 29-орунда экен. Мындан 4 жыл мурда 98-орунда болуптур.
– Социалдык контракт долбоорунун жыйынтыктары чыгарылып, бийликтен 100 миң сомдук көмөк алгандардын 77 пайызы апта сайын 5 миң сом, ал эми 22 пайызы – жума сайын 10 миң сом киреше таап жатканы айтылды. Быйыл мамлекет бул программага дагы 2 млрд сом чегерди.
– Бишкекте 23-май күнү эл аралык каржы форуму болуп өттү, анда Акылбек Жапаров чыгып сүйлөдү.
– Чолпон-Ата шаары менен Бостери, Кара-Ой жана Бактуу-Дөлөнөтү айылдарынын экологиясын жакшыртуу долбооруна 65 млн доллар бөлүндү, анын 56 миллионун Азия өнүктүрүү банкы берди.
– «Газпром – Кыргызстан» ишканасы Бишкектин Төкөлдөш аймагына газ өткөрдү, аймакка 10 чакырым газ куурлары жаткырылыптыр.
– Президент Садыр Жапаров 21-май күнү Таласка барып, Бала-Саруу ГЭСин жана жаңыланган аэропорт менен башка түзүмдөрдү ачты.
– Акылбек Жапаров 24-май күнү Ашгабад шаарында КМШ мамлекеттеринин өкмөт жетекчилеринин бийик жолугушуусуна катышты жана түркмөн президенти Сердар Бердымухамедов, казак премьери Олжас Бектеновдор менен өз алдынча жолугушууларды өткөрдү.
– Жапониядагы чоң форумга барып келген Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, Бишкектин жаңы генпланын атактуу япониялык Nikken Sekkei компаниясы түзүп бермей болду.
– Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, Орусиядагы кыргыз мигранттарынын саны дээрлик эки эсеге – 800 миңден 410 миңге чейин кыскарды.
– Омбудсмен Жаманбаева Жогорку кеңеште баяндама жасап, 2023-жылы өлкөдө 187 аял жана 185 өспүрүм өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенген деп билдирди. 13 миң 104 үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталган, бул 2022-жыл менен салыштырганда, 33 пайызга көп.
– Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган Кеңешбек Дүшөбаев тил кат менен бошотулду, буга чейинки бир сот отурумунда ал эс-учун жоготкон.
– Укук министрлиги 976 адвокаттын лицензиясын жокко чыгарды, алардын ичинде Акин Токталиев дагы бар экен.
– «Бир дүйнө – Кыргызстан» уюму – чет өлкөлүк өкүлдөр тууралуу жаңы мыйзамды ишке ашыруу тууралуу Укук министрлигинин жолдомосу өлкө Конституциясына каршы келет деп билдирди.
– Лондондогу эл аралык кинофестивалга азыр Таалай Кулмендеевдин «Үй сатылат» деген тасмасы катышып жатат, фестиваль 28-майда аяктайт.
– Дүйшөмбү күнү президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, өткөн ишембиге караган түнү чагымчылар кагылышуу уюштурууну көздөгөн деп билдирди..
– Баардыгы болуп Кыргызстанда 43 миңге жакын чет элдик студент окуп, 5 миңдин тегерегиндеги эмгек мигранты иштейт экен, кагылышуу болгондон кийин алардын 4 миңге жакыны Кыргызстандан учуп кетиптир, бирок Ички иштер министрлигинин айтымында, айрымдары кайра кайта баштады.
– Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Бишкекке келип, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана вице-премьер Эдил Байсалов менен жолугуп, бир оорулуу студентти өзү менен кошо ала кетти.
– Кеңсеси Ташкенде жайгашкан Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Ислам Монирул дагы Бишкекке келип, министрдин орун басары Аваз Атаханов менен жолукту.
– Эдил Байсалов – өлкөдөгү 18 жогорку окуу жайдын ректорлору менен кеңешме өткөрдү. Кийин ректорлор менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы жолукту.
– Эл аралык университеттин ректору Асылбек Айдаралиевдин айтымында, чет өлкөдөн келген студенттерге кол салуу алдын ала даярдалган аракет болгон.
– Лондон шаарында өткөн Дүйнөлүк билим берүү форумуна барганда, кыргыз министри Догдургүл Кендирбаева чет өлкөлүк студенттердин Кыргызстандагы абалын Пакистандын билим берүү министри Халид Сиддики менен талкуулады.
– 20-май күнү Ататүрк паркындагы мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлө байштайт деп айтылды эле, бирок ал иштер башталган жок.
– Бүгүн өлкө мектептеринде «Акыркы конгуроо» кагылды – 9-классты 123 миң, ал эми 11-классты 73 миң окуучу аяктады.