7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Р.Акматбек: «Караларга» суктанган жаштардын көңүлү Олимпиада жеңүүчүлөрүнө бурула баштады

248

2024-жылдын 12-августунан 17сине чейинки окуялар тууралуу жарандык активист Руслан Акматбек менен маек.

– Күздүн илеби сезиле баштады жана жаңы окуу жылы башталаар алдында ата-энелер мектепке канча чыгым болоорун азыр санап, окуу китептер боюнча тартыш болобу деп жаткан кез. Окуу китептерди мамлекет азыр өзү даярдап, өзү басып чыгарат деп айтылууда, бул жакшы. Англис тилин билүүгө басым жасалат, гимназиялар жоюлуп, баардык мектептер бирдей боло тургандай, бирок, менин оюмча, эң негизги маселе – билим берүү системасы бизде бир кездеги советтик ыкмалар эмгиче толук жоюла электигинде сыяктуу – уюштуруу иштери дагы, мугалимге болгон мамиле менен көз караш дагы…

– Соттун чечими чыга электе тиги же бул күнөөлөнүп жаткан адамды кылмышкер деп атабаш керек деп Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун айтканын укканда, мен алгач ишенбей, дагы бир жолу жаңылыкты издеп-таап, кайра окудум. Бул – абдан туура жана маанилүү нерсе, анткени азыр биздин коомдо ушул маселе өтө көйгөйлүү, анткени кимдир бирөө башканы күнөөлөсө эле – муну камаш керек же кустуруш керек деп, таптык күрөш сыяктуу ыкмага өтүп алдык. Укуктук мамлекетте болсо бардык аракеттер мыйзам чегинде жасалыш керек…

– Москвадагы кыргыз жигиттери кыздардын сойкулугу менен байланыштуу жалпы кыргыз элине кайрылып, катуу эскертүү жасагандан кийин, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү алар менен байланышып, кайра ал жигиттердин өзүнө эскертүү кылыптыр жана жигиттер ага көнүптүр. Бул абдан туура – кимдир бирөөгө каршы күч колдонуу кайсы болбосун мамлекетте мамлекеттин атынан гана жасалууга тийиш, мамлекет деген өзү ошол себептен пайда болгон. Кайсы бир жеке киши же бир адамдар тобу андай кадамдарга барбаш керек, маселени чечүү үчүн болсо тарбия иштерин күчөтүш керекпиз.

– Акыркы 2-3 апта бою баарыбыз Олимпиаданы карап отурдук жана жеңиш менен кайткан спортчуларыбызды сыйлаганыбыз абдан туура. Аны менен өсүп келаткан жаш муунубуз кантип атактуу болуп, мамлекет менен жалпы элге кантип жакшы кызмат кылса болоорун көрүп-түшүнүп жатат, биздин спортчуларыбыз аларга үлгү болууда. Антпегенде, акыркы жылдары кээ бир жаштарыбыз кылмыштуу топ мүчөлөрүн өзүнө үлгү кыла баштаган. Париждеги Олимп оюндары учурунда Борбор Азия мамлекеттери арасындагы ынтымак дагы жаңы деңгээлге көтөрүлдү…

Жуманын негизги окуялары:

– Мамкурулуштун билдиргенине караганда, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында өлкөдө 17 мектеп курулуп, ишке берилди, алардын жетөө – Ош, төртөө – Жалал-Абад, үчөө – Баткен облустарында жана бирден – Чүй, Нарын, Таласта. 1-сентябрга карата бардыгы болуп 27 мектеп менен 13 бала бакча бүтөт деп айтылууда.

– Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында сырткы мамлекеттер менен соода жүгүртүү 7,5 млрд долларга жетиптир, былтыркы менен салыштырганда бул 9,5 пайызга жогору.

– Өтүп бараткан аптанын башында «Жалал-Абад», «Казарман» жана «Караван» аэропорттору текшерилип, учак кабыл алууга даяр деп табылды жана жакында алар ишке кирмей болду.

– Каржы министрлигинин айтымында, бир жылдын ичинде өлкөдөгү орто айлык 10 пайызга өсүп, азыр 35 миң сомдун тегерегинде кармалууда.

– Бишкек көчөлөрүнөн 300дөн ашык жарнама тактасы алынып, алардын ордуна LED-экрандар орнотула баштады.

 

– Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков тартип коргоо органдарына 14-августта кайрылып, соттун чечими чыга электе тиги же бул күнөөлөнүп жаткан адамды кылмышкер деп атабоону талап кылды.

– Мирланбек Маратбек уулу деген блогердин үйүнө милиция келип, тинтүү уюштуруптур, ал – экстремисттик материалдарды тараткан деп күнөлөнүүдө.

– Улуттук телерадиокомпаниянын баш директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу УКМК тарабынан кармалып, ага – коомдук башаламандыкка чакырган деген күнөө коюлууда.

– Олжобай Шакирдин адвокаттары Жогорку сотко кайрылып, өкүмдү өзгөртүүнү суранды, май айында ал Аламүдүн райондук соту тарабынан 5 жылга кесилген.

– Министрлер кабинетинин чечими менен – Маданият министрлигинин астында Маалымат мейкиндигин изилдөө борбору түзүлмөй болду.

 

– Москвадагы кыргыз мигрант жигиттери атайын видео тартып-таратып, Москвада жашаган айрым кыргыз кыздар сойкулук кылып жатат, анысын токтотпосо, биз алардын баарын ашкерелейбиз деп, кыздарга эскертүү жасады.

– Мурдагы күйөсү мурду менен кулагын кесип салган Асел Ногойбаевага пластикалык операция Орусияда жасалмай болду.

– Чоң-Таш сырын ачып берген Бүбүйра Кыдыралиева каза болду, сентябрда ал 96га чыкмак.

– Энергетика министрлигинин айтымында, быйыл чет жактан 3 млрд 900 млн кВт-саат сатып алууга туура келет, былтыр андан 1 млрд 250 млн кВт-саатка аз, ал эми мурдагы жылы андан да аз энергия сатып алынган. Ошондуктан эми тарифтер көтөрүлүш керек.

– Табигый байлыктар боюнча мурдагы министр Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутманов 5-октябрга чейин камакта калтырылды. Алар былтыр августта кармалган.

– УКМК тарабанын Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров кармалып, кылмыштуу топторду каржылаган деп күнөөлөнүүдө. Анын алдында ошондой эле күнөө менен ишкер Жалил Атамбаев кармалган.

 

– Шейшемби күнү Кыргызстандын курама командасы Парижден кайтып келди, аларды өлкөнүн жогорку жетекчилиги тосуп алып, акчалай сыйлык жана машинелерди белекке берди.

– Олимпиада катышуучулары Ошко барганда дагы аларга акчалай сыйлык берилип, ат мингизилип, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жана анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге батир берилди.

– Спорт департаментинин директору Айбек Абдымомуновдун айтымында, Кыргызстанда Бокс академиясы түзүлмөй болду.

– Июнь айынын ичинде сыртта жашаган жеке адамдар Кыргызстандагы туугандарына 238 млн доллар которуптур. Жыл аягы менен бул сумма 3 млрд долларга жете тургандай.

– Бүгүндөн тартып Кыргызстанда Silk Road Mountain Race деген эл аралык веложарыш башталууда – анын катышуучулары Бишкектен чыгып, Кегети аркылуу Суусамырга, андан ары Жумгалга жана Соң-Кол аркылуу Казарманга, андан соң Чытыр-Көлдү айланып, кайра Нарынга, андан ары Барскоон аркылуу Кочкорго жана андан ары Кемин аркылуу Чолпон-Атага 31-августта келип, 15 күн ичинде 1938 чакырымды басып өтүш керек

249