7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Сулайман Кайыпов: Туу же Ак үй сыяктуу символдор жаңыланып жатат, гимн дагы жаңырат го

218

2024-жылдын 27-октябрынан 2-ноябрга чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу профессор Сулайман Кайыпов менен маек.

– Элдик курултайдын маанисин түшүнгөн да, түшүнбөгөндөр да бар, парламенттеги депутаттар аны өз алдынча ойлонот, бийликтин башка бутактары өз алдынча түшүндүрмө берет, коомдо болсо – ким кандай кааласа, ошондой түшүнүп атат. Айрымдар курултайды – эл бийлиги деп аныктап кирди, анткен менен бийлик деген сөз кошулган жерде дароо карама-каршылык да пайда болот. Бирок курултай – бийлик эмес, анын милдети – Конституцияда белгиленген бийлик бутактарынын иштөөсүнө жардам берүү, алардын милдетин жүзөгө ашыруучу механизм түзүү…

– Бизде адамдарды жаш курагы боюнча дискриминациялоо бир топ денгээлде бар – пенсиялык жашка жетип калган, бирок күч-кубаты толуп турган, өмүр жана адистик тажрыйба топтоп, эми иштей турган адамдарды иштен четтетип салган учурлар көп, алар үйдө отуруп калганда, күчүн кайда пайдаланаарды билбей, ооруп калат, чүнчүп кетет. Өнүккөн мамлекеттерде пенсия курагына жеткен адамдарды эшикке таштап коё тургандай тажрыйба болбойт, адамдын күчү канча болсо, алар ошону аягына чейин пайдаланат, анткени жынысы же улуту боюнча кемсинтүү сыяктуу жашы боюнча дискриминацияга жол берилбейт.

– Гимн же улуттук туу сыяктуу мамлекеттик белгилер дайым эле сөзгө калып, талаш-тартыш жаратып келген. Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесов жазган азыркы гимндин музыкасында кынтык жок деп эсептейм, ал өтө таланттуу жана профессионалдуу жазылган. Сөздөрүн деле Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жакшы жазган, бирок азыр жогорку бийликке тиешеси бар символдор жаңыланып жатат, мисалга, улуттук тууга жаңы элементтер киргизилди же Ак үй жаңы салынды, ошол багытта алганда, мүмкүн, гимн дагы жаңырат. Түркиянын гимнин жазган адам – экинчи бир түрккө ушинтип гимн жазып отурганды башка насип кылбасын деген экен…

Жуманын негизги окуяларынан:

– Мурдагы аптада, 24-октябрда, «Ала-Арча» резиденциясында «Элдик курултай. Тарых сабактары жана келечек» деген аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Быйыл курултай 20-декабрда өтөт деп белгиленген.

– 31-октябрда Казак мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Бишкекке келип, Жогорку кеңештин спикери Нурлан Шакиевди «Достык» ордени менен, ал эми анын орун басары Нурбек Сыдыгалиевди Ардак грамотасы менен сыйлады. 1-ноябрда аны президент Жапаров кабыл алды.

– Милиция кызматкерлерин видеого тартпаш керек деген ченемди камтыган мыйзам долбоору 30-октябрда Жогорку кеңеште кабыл алынбай, артка кайтарылды.

– 29-октябрда – президент Садыр Жапаров 10-октябрда атайын буйрукка кол коюп, 5 кыргыз генералын генералдык наамынан ажыратканы белгилүү болду. Аларга генералдык наамды мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетээрге 2 күн калганда, 2020-жылдын 14-октябрында берген экен.

– «Дордой» менен «Орто-Сай» базарларындагы «Оберон» деген эки базар Бишкек шаардык сотунун чечими менен мэриянын карамагына өткөнү тууралуу 29-октябрда белгилүү болду. Алардын кожоюну Нуржамал Байболова – сотко кайрыла турганын билдирди.

– 31-октябрда – улут аралык кастыкты козуткан деген күнөө менен Нурлан Мотуев кармалганы тууралуу белгилүү болду.

 

– 28-октябрда Жогорку кеңеште Эмгек кодексинин жаңы долбоору талкууланып жатканда, Илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев пенсиялык жашка жеткен кызматкерлер менен эмгек келишимин бузуу тууралуу ойлонуп көрсө болот деп билдирди. Депутат Кундузбек Сулайманов болсо – мекеме-ишкана жетекчилерине жаш курагы пенсиялык жашка жеткендерди жумуштан бошотуу укугун бериш керек деп, аны колдоду.

– Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубековдун 29-октябрда билдиргенине караганда, банктын эл аралык байлыктары 4 млрд 800 млн долларга жетип, жыл башынан бери 47 пайызга өскөн.

– Саламаттык сактоо министри Бейшеналиевдин айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылдагы бюджети 8 млрд сомдон ашат, анын 5 миллиарддан ашыгын Соцфонд берет.

– 1-ноябрда Жогорку кеңеште 2025-жылдын бюджети талкууланып жатканда, депутат Айсулуу Мамашова – Онкология боюнча улуттук борбордун жетекчилиги оорулууларды дарылоого кызыкдар эмес деп билдирди.

– Бишкектин чыгышындагы жаңы автовокзалда айдоочулдар үчүн капсулалардан турган мейманкана ачылды. Бир капсуланын көлөмү – бир адам жатып, уктап ала тургандай.

– Олжобай Шакирдин иши боюнча көрсөтмө берип, камакка алынган Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев 31-октябрда үй камагына чыкты. Мурда ал – Олжобай Шакирдин айткандарына экспертиза Илимдер академиясында бурмаланып жасалган деп билдирген.

 

– 30-октябрда «Кабар» агенттиги президент Садыр Жапаровдун кезектеги интервьюсун жарыялады, анда президент – мамлекеттик гимнди чындап эле жаңыртып койсо деле болот деп билдирди, анткени гимнде 33 жыл мурда азаттыкка жаңы чыккан өлкө тууралуу ырдалат, Кыргызстан болсо азыр калыптанып, дүйнөгө таанылган мамлекет.

– 31-октябрда Филармонияда Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык мектептин 85 жылдыгында сүйлөп жатып, Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов – Кыргызстандын азыркы гимни ыр эмес эле бир кыңкылдоо деп билдирди.

– Бишкектин Ленин райондук соту жана шаардык соттун чечими менен мурдагы Фрунзе атындагы айыл чарба машинелер заводунун стадиону менен бассейни мамлекетке кайтарылды.

– Жогорку кеңеш 30-октябрда – мамлекеттик үлүшү бар мейманканаларда казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун бир эле учурда 3 окууда кабыл алды.

– Апрелде камакка алынган белгилүү ишкер Имамидин Ташов 30-октябрда өз өмүрүнө өзү кол салып, ичине бычак сайганы белгилүү болду. Доктур менен жолукканда, камак учурунда ал кыйноого дуушар болдум деп арызданган.

– Мамлекеттик MEGA компаниясы 30-октябрда Баткендеги Зардалы айылына мобилдик байланыш өткөрдү, жеринде электр энергиясы жок болгондуктан, «МЕГАнын» станциялары күн энергиясынан иштейт.

– 31-октябрда Баткенде Ош-Раззаков жолунун жаңыланган жана узундугу 17 чакырым Ноокат жолу салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.

– Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов 29-октябрда билдиргенге караганда, азыр өлкө ооруканаларында 5 миң дарыгер жетишпейт.

– 30-октябрда Вена шаарында Кыргызстан менен Австрия ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча комиссиянын 9-жыйыны болуп өттү.

– АКШнын Мамдепартаменти 30-октябрда Кыргызстанда катталган дагы бир ишкананы санкциялык тизмеге киргизди. LLC Service Fly Bishkek деген компания үстүбүздөгү жылдын биринчи 5 айында Россияга жалпы баасы 1 млн 200 миң долларга жеткен авиация үчүн жабдыктарды жиберген.

219