7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Ж.Жоробеков: Өзүбүздүн жакшынакай улуттук кыргыз кийимибиз турса, чүмкөнүп кереги эмне?

203

2024-жылдын 1-сентябрынан жетисине чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу, профессор Жолборс Жоробеков менен маек.

– Жаңы окуу жылы башталып, көптөгөн жаңы мектептер ачылды, дагы башкалары курулуп жатат. Азыр мектептерге жакшы көңүл бурулуп, мугалимдердин айлыгы көтөрүлүүдө. Ошондой эле мамиле эми университет-институттардын окутуучулары менен Илимдер академиясынын кызматкерлерине бурулса. Акаевдин учурунда бизде «XXI кылымдын кадрлары», кошуна Казакстанда «Болашак» деген программалар түзүлгөн, алар боюнча чет мамлекеттерге көптөгөн студент жиберилген, бирок алардын көпчүлүгү окуусун бүткөндөн кийин мекенине кайтып келген эмес. Ошондо президент Назарбаев – биздин өзүбүздүн улуттук университетибизде эмгектенген профессорлордун айлыгы башка жеке окуу жайларында иштегендердикинен жогору болуш керек деген чечимге келген.

– Акыркы мезгилде мамлекеттик казына бир топ толтурулуп, бюджет профицит менен аткарылып жатат, салык менен бажы кызматтары планды жакшы аткарып жатат, бирок абалды мындан да артык кылуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бийлик азыр коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүдө жана көмүскө экономика улам ачыкталган сайын, киреше дагы өсүүдө. Эң негизгиси, мунун тарбиялык жагы – жаштар мурдагыдай кылмыштуу топтордун жетекчилерине суктанбастан, байлык менен мансапка өз маңдай тери менен жетүүгө аракеттене баштаганында.

– Мен өз кезегинде Дин иштери боюнча комиссияны 2 жолу жетектегем. Менин оюмча, бизге Татарстан же Түркиядагы динге болгон мамлекеттик мамиле туура келет. Бирок акыркы мезгилде – Пакистан же Бангладештеги диний окуу жайларына барып келгендер көбөйдү. Аба ырайы ысык же такай кум менен аралашкан шамал болуп турган мамлекеттердеги кийим биздин шартка такыр туура келбейт. Кыргыздын жакшынакай улуттук кийими турса, башынан аягына чейин чүмкөнгөн кийимдин кереги жок. Кичинекей кыз кезинен тартып, улгайган жашка чейинки аялзаты үчүн ар бир жаш курагына жарашкан өз кийимибиз бар.

Жуманын негизги окуялары:

– Жаңы окуу жылы башталды, өлкөдө азыр 2380 мектеп бар, алардын 200гө жакыны жеке менчик. Баардыгы болуп мектепке бир жарым миллион окуучу барат экен, алардын 150 миңи биринчи класска кирди.

– Билим берүү министрлиги былтыркы окуу жылынын жыйынтыгын чыгарып, өлкөдөгү эң мыкты мектеп деп Тогуз-Торо районундагы Мойдунов атындагы Макмал мектебин атады.

– Борбор Азиялык 5 жумурияттын тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери Бишкекте АКШнын атайын өкүлү Кейтлин Сетола менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулады.

– Түрк мамлекеттердин ички иштер министрлери Чолпон-Атада жыйын өткөрдү, аларды президент Жапаров кабыл алды.

– Аптада 2 министр дайындалды – жаратылыш байлыктары боюнча министр болуп Медер Машаев, унаа жана байланыш министри болуп Абсаттар Сыргабаевди Жогорку кеңеш 4-сентябрда бекитти.

– Кинематография боюнча Улуттук кеңеш түзүлдү, аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жетектемей болду.

– «Ыйман нуру» партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясынын жетекчиси болуп Нуржигит Кадырбековдун ордуна Динара Ашымова шайланды.

 

– Каржы министрлигинин айтымында, келээрки 5 жылда мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү азыркы 414 миллиарддан 655 млрд сомго чейин өсүп, профицит 11 миллиарддан 50 млрд сомго жетээри күтүлүүдө.

– Мурдагы өкмөт үйүнө Тышкы иштер жана Экономика министрликтери көчүп кирмей болду, башында ал имаратта Бишкек мэриясы жайгашат деп айтылган.

– «Кыргызалтын» ишканасы Бишкекте 5-сентябрда алтын куймаларын саткан дүкөн ачты.

– Салык кызматынын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 8 айында алар 188 млрд сом салык чогултуп, өкмөт койгон тапшырманы 7 млрд сомго ашыгы менен аткарды.

– Улуттук банктын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 7 айында Кыргызстандын банктары 18 млрд сом киреше тапкан, алардын жалпы байлыгы 747 млрд сомго жетти.

– Депозиттерди коргоо фондуна 6 млрд 800 млн сом топтолгону кабарланды, өлкөдө иштеген банктар бул фондго такай акча которуп турат, үстүбүздөгү жылдын 8 айында эле фондго 910 млн сом түшкөн.

– Кыргыз-кытай чек арасында үчүнчү өтмөк – Бедел салтанаттуу ачылды, анын бийиктиги 4 миң 280 метр. Азырынча жол жөнөкөй, эки тарап аны акырындап жөнгө салат.

 

– Дин боюнча мыйзамдын жаңы редакциясы жана дагы 5 мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталып, коомдук талкууга коюлду.

– Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу элчиси Нурулла Амин менен жолугуп-сүйлөштү, анын алдында, 2-сентябрда, Баш прокуратура – өлкөдө тыюу салынган экстремисттик уюмдардын тизмесин жарыялаган жана «Талебан» ал тизмеде жок болуп чыккан.

– Мурдагы президент Аскар Акаев 5-сентябрда Жогорку кеңешке кайрылып, ага анын «экс-президент» деген макамын кайтарып берүүнү суранды.

– 4-сентябрда бийлик «Азаттык», «Клооп» жана «Новые лица» басылмаларына кайрылып, алардын сайтында 30-августта чыккан макаланы алып салууну талап кылды. Ал макалада – 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун командасына орусиялык политтехнолог Александр Малькевич жардамдашкан деп жазылган. «Азаттыкка» эскертүү берилди.

– Президент Жапаров 3-сентябрда «Кабар» агенттигине интервью берип, «Клооп медиа» басылмасы Жогорку соттун чечими менен жабылып жатканын колдоп, 30 жыл бою биз анархияны демократия деп, ушак таратууну сөз эркиндиги деп түшүнүп келгенбиз деп билдирди.

– 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо алкагында Кыргызстандын курама тайпасы 5-сентябрда Исфахан шаарында Ирандын командасына 0:1 эсебинде утулду. Эмки оюнду кыргыз футболчулары Өзбекстанга каршы Бишкекте 10-сентябрда ойнойт.

– Бишкектеги «Кыргызстан-Түркия достугу» ооруканасына Эрдогандын ысмы берилди

204