Жекшембиде күндүз өлкөнүн аймактарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл жергесинде +14…+19, Нарын өрөөнүндө +17…+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +23…+25 жана Ош шаарында +26…+28 градуска жетет.