7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
17°C

Жетишилген макулдашуулар. Чек арада Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолукту

624

УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 17-сентябрь саат 03.00го карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай чыңалуу бойдон калууда экендигин маалымдайт.

Саат 00:10дон 00:40ка чейин «Гулистон-автожол» КӨЖда (ТР) Кыргыз Республикасынын УКМКнин төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору генерал-майор У. Шаршеевдин жана Тажикстан Республикасынын УКМКнин Чек ара аскерлеринин колбашчысы генерал-полковник Р. Рахмоналинин жолугушуусу өттү.

Бул жолугушууга Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун УКМК, чек ара ведомстволорунун, укук коргоо органдарынын аймактык башчылары да катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгүдөй макулдашууларга жетишишкен:

  • Түн ичинде жана саат 09.00го чейин Чек ара ведомстволорунун облустук башкармалык башчылары жеке өздөрү Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чагымчылдык аракеттер жана ок атуулар болбошу үчүн иштерди уюштуруулары керек;
  • бул иш-аракеттерди координациялоо максатында Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусунун УКМК, чек ара ведомстволорунун жана укук органдарынын аймактык башчылары кирген биргелешкен ыкчам штаб өз ишин «Гулистон-автожол» КӨЖда улантат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

625