Бишкек шаарында Эндокринологиялык борбор ачык эшиктер күнүн өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара 9-11-ноябрь күндөрү жана 14-ноябрда болот. Саат 9:00дөн 15:00гө чейин шаар тургундары жана коноктору эндокринологдон акысыз консультация алып, кандагы канттын деңгээлин текшерте алышат.
Эскерте кетсек, эндокринологиялык борбор Бишкектин Панфилов көчөсү, 199 дарегинде жайгашкан.