7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖКда репрессия курмандыктарын актоого багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды

372

Жогорку Кеңеште репрессия курмандыктарын актоого багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окуудан кабыл алынды.

Бул үчүн «Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө», ошондой эле «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөр демилгеленүүдө.

Мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталган. Эң оболу атылган, соттолгон, айдалган, мүлкүнөн жана турак жайынан ажыраган, укук жагынан башка зомбулуктарга дуушар болгон жана саясий репрессиялардын курмандыктарынын жаманаттысын жоюуга мүмкүндүк берет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери репрессиялангандарды реабилитациялоонун жаңы тартибин аныктоо үчүн атайын комиссия уюштуруларын белгилеген. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлүп, Илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтунун алдында иш алып барат. Ал эми Комиссия жөнүндө жобону министрлер кабинети бекитүүгө тийиш болот. Мындан тышкары, ведомстволук архивдерде сакталган документтерди Мамлекеттик архив кызматына өткөрүп берүү боюнча тиешелүү эрежелер каралган.

373