7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖКККББга биринчи жардам аптечкасы тапшырылды

380

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине буга чейин башкы башкармалыктын өздүк курам менен иштешүү кызматкерлери Кызыл Ай коому менен биргеликте жол кырсыктары болгон учурда жаракат алган жарандарыбызга алгачкы медициналык жардамдарды көрсөтүү боюнча практикалык сабактарды жеринде өткөрүп, көрсөтүшүп келишкен.

Бул ирет ЖКККББнын Атайын ротасынын экипаждарына Кызыл Ай коому тарабынан медициналык биринчи жардам комплектилери (аптечка) тапшырылды.
ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков бул уюумдун өкүлдөрүнө терең ыраазычылыгын билдирип, жол кырсыктарынын алдын алууда жарандарыбызга ыкчам жана алгачкы медициналык жардамдарды көрсөтүү багытында мындан ары да чогу кызматташуну бекемдөө зарыл экендигин белгиледи.

381