7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жоголгон 5 жаштагы Алихандын чоң энеси: Неберемди түнү менен издеп чыктык

650

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда 5 жаштагы баланы 17 куткаруучу жана ИИМдин кызматкерлери издөөдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

“Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Мурас-Ордо конушунда 2018-жылы туулган А.А. аттуу бала дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 14-январь күнү, саат 19:28де 112 кызматына түшкөн. Аны издөөгө ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, түнү менен конуштагы үйлөрдүн короолорун, сарай жана ажатканаларды, конушка жакын көлмөнүн жээктерин карап чыгышкан. Мындан сырткары ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар да тартылган”,-деп берилет маалыматта.

5 жаштагы Алихан аутизм оорусу менен жабыркап келет. Учурда издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17 куткаруучусу жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан жеринде уланууда.

651