7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жоголгон альпинисттерди издөө үчүн куткаруучулар -30 градус суук жерге барышты (ВИДЕО)

1061

Жеңиш чокусун багындырууга чыгып, дайынсыз болуп жаткан альпинисттерди издөөгө бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 куткаруучусу тик учак менен 4100 метр бийиктиктеги «Түштүк Эңилчек» базасына жайгашышты.

Куткаруучулар аталган лагерде климатка ыңгайлашуу үчүн 2 күн болуп, андан соң 6000 метр бийиктикке көтөрүлүп, жоголгон альпинисттерди издешет. Баса белгилей кетсек, 4100 метрден жогорку бийиктикте абанын температурасы -20 -30 градус суук болуп, жол кооптуу жана кыйла татаал.

Жогорудагы 4 альпинисттин үчөө Россия Федерациясынын жарандары, төртүнчүсү Литва өлкөсүнүн жараны. Альпинисттер Кыргызстандагы “Аксай-Трэвел” туристтик компаниясы менен келишим түзүп, 11-июль күнү Ысык-Көл облусундагы лагерге жайгашышкан. Ошол эле күнү алар Жеңиш чокусуна жол тартышып, 19-июль күнү акыркы жолу 6900 метрге жакын бийиктиктен байланышка чыгышкан.

Ал эми 24-июль күнү спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген (GPS-трекер) координат келип түшкөн. Алынган координаттын негизинде “Аксай-Трэвел” компаниясы 24-26-июль күндөрү ижарага алган тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок ал жыйынтык берген эмес.

Ал эми ӨКМге 27-июль күнү Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинен издөө иштерине көмөктөшүү боюнча расмий кайрылуу келип түшкөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1062