7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоону кароодо

378

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациядан өткөрүү үчүн Жогорку Кеңеште каралууда.

Жыйындын башталышында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жыйын ачык-айкын, түз эфирде өтүп жаткандыктан өлкөнүн баардык жарандары көрө аларын айтты.

“Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйыны тарыхый жыйындардын бири. Анкени, биринчи маселе катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча ратификация маселесин карайбыз. Биргелешкен комитеттердин жыйынында ратификация 3 окууда каралгандан кийин кеңири талкуу менен пленардык жыйынга өтөбүз. Анан пленардык жыйында добуш беребиз. Ошондуктан урматтуу депутаттар активдүү катышыңыздар, кеңири талкуу болот”,- деди төрага.

Жыйынга өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев баштаган комиссиянын бардык тийиштүү мүчөлөрү катышууда.

Эске салсак, Бишкекте Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан.

379