7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК Орусия менен бирге абадан коргонуу системасын түзүүгө макулдук берди

568

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды. Бул тууралуу Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов билдирди.

Келишимге ылайык, Россия тарап Кант шаарындагы авиабазанын жанына абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрүн жайгаштырат. Ал үчүн авиабазага жанаша жайгашкан беш гектар жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү каралган.

«Абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрүн кыргыз тарап башкарат. Ошол эле учурда күнүмдүк ишинде каржылык, материалдык-техникалык камсыздоо жана башка иш-чаралар, бөлүкчөлөр Россия өкүлүнүн карамагында болот», — деди Алмазбек Карасартов.

Парламент келишимди үч окуудан тең ратификациядан өткөрдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

569