Бүгүн Жогорку Кеңеште экс-министр Гүлнара Баатырова демилгелеген «Бирге» долбоорунун алкагында дөөлөттүү бирге карыган түгөйлөр менен 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Жогорку Кеңештин төрагасы бул иш-чараны өзү колдоп, ардагерлерге сыйлыктарын тапшырды.
«Мамлекеттин уңгусу үй-бүлөдөн башталат. Үй-бүлө бекем болсо мамлекет дагы бекем болот. Тилекке каршы, рынок экономикасынын мыйзамы менен өлкөдө социалдык маселелер да пайда болду. Тышкы миграция, экономикалык кризистер биздеги салттуу үй-бүлөлүк институтуна терс таасирин тийгизүүдө. Ошонун негизинде өлкөдө ажырашуулар, зордук-зомбулук күчөп, өлкөбүздө буга чейин болуп көрбөгөн элементтер кездеше калып жатканы өкүнүчтүү. Учурдагы бул көйгөйлөрдүн алдын алып, үй-бүлөө институтун өнүктүрүү зарыл маселелерден. Бүгүнкү күнү ата болуу бул-сыймык менен катар жоопкерчилик экенин дагы ар бир мырзабыз билиш керек. Ар бир үй-бүлөгө ириде ата жоопкер жана балдарынын келечегин куруучу институт болушу мезгил талабы. Толук кандуу үй-бүлөдө гана бактылуу балалык доор сүрөт. Үй-бүлө институту бекем болсо гана социалдык көйгөйлөр азайып, кубаттуу мамлекет курабыз. Бактылуу үй-бүлө — бактылуу коом! Карысы бардын ырысы бар!»,- деп берилет билдирүүдө.