Сокулук районундагы «Аю» ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
«Аю холдингдин» менчиги болгон жалпы жалпы аянты 2223,45 чарчы метрлик, базар баасы 267 млн. 639 миң сомду түзгөн «Аю» дене тарбия — ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин карамагына өттү.
Бул комплекстин ордунда мурда бассейн болгон, имарат 2010-жылы ден соолукту чыңдоо борбору катары реконструкцияланган.